Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр учурунда чек аранын чок ортосунда жайгашкан үйдү тажик тарап өрттөп жиберишкен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Көк-Таш айылынын жашоочусу айтып берди. Айтымында, аталган айылда абал кооптуу жана бул чыр бүгүн эле болгон жок, мындай окуялар дайыма кайталанып келет.
"Көк-Таш айылынын жашоочусумун. Биздин айылда абал чындыгында курч болуп жатат. Себеби бүгүн кечке жуук айылыбыздагы адаттагы чыр дагы кайталанды. Мындан улам абалды кооптуу деп баалоого болот. Тажик тарап чек аранын чок ортосунда жайгашкан үйгө өрт коюп жиберишти. Үй жайгашкан жерден 2 метр алыстыктагы жер тажиктердин короосу болчу. Ошол жерде ок атышуу болуп, андан кийин тажик тарап үйдү өрттөштү. Ал жер 2 үй-бүлө баш калкалаган жай болчу. Үй ээлери аман-эсен. Анткени алар үйдөн качып чыккандан кийин өрт күчөп кеткен. Биз үй күйүп жатканда, жогору жакта коопсуздугубузду коргоп жашынып турдук. Карап турсак эле үйдөн жалбырттаган от чыгып, түтөп калды", - деди айыл тургуну.
Окуянын чоо-жайы:
Бүгүн, 8-майда Баткен облусунун Чек аймагындагы 50 сотых жер тилкеси үчүн кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Аталган жер тилкеси изилденбеген аймакка кирет, бирок кыргыз тарап бул жер тилкесин пайдаланып келет. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.