Лейлек районунун акими: "Кыргыз-Тажик чек арасындагы куруу иштери коргондун ичинде жүрүп жаткандыктан толук токтоду деп айтууга болбойт"

Кыргыз-Тажик чек арасындагы курулуш иштери кечээ, 15-сентябрда болгон эмес. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов SUPER.KG порталына билдирди.

Акимдин айтымында, чек арада күч органдары коопсуздукту сактоо үчүн кызмат кылып жатышат. Бирок Кыргыз-Тажик чек арасындагы объекттин курулуш иштерин толук токтоду деп айтууга болбойт.

"Кечээ, 15-сентябрда толугу менен аталган аймакта куруу иштери болгон жок. Анткени мен ал жактан түндө келдим. Бирок куруу иштери коргондун ичинде жүрүп жаткандыктан, аны толук токтотулду деп айтууга болбойт. Биз аталган аймакка кагылышуу болуп кетүү ыктымалдуулугунун алдын алып, эч бир адамдарды жибербей турабыз. Тажик тарап такталбаган жерге буга чейин куруу иштерин башташкан. Ал жерде күч органдарынын, милициянын кызматкерлери жүрүшөт. Күч органдарынын адистери жүргөндүктөн, аскердик багыттагы жумуштар болуп жатат", - деди аким.

Баймурат Бекмуратов аталган аймакка жол тартканын, дагы кошумча маалымат бериле турганын кошумчалады.

Буга чейин Кыргыз-Тажик чек арасында тажик тарап такталбаган жерге курулуш ишин баштаганы тууралуу маалымдалган.

Андан көп өтпөй Лейлектен келген айылдык кеңештин депутаттары SUPER.KG порталы аркылуу бийликке кайрылуу жасаган.

Ал эми кечээ, 15-сентябрда мамлекетик чек ара кызматынан аталган аймактагы абал боюнча маалымат тараткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bektur2011
2019-09-16 11:21:32
Мадумаровго айткыла эми арманынарды. Адахан жерди берип салган тажиктерге кыйын болуп.
-1
BarsBaatyr
2019-09-16 15:08:37
Bektur2011,башыңа чымын чычып кетсе да Мадумаровдон көр.
0
Bektur2011
2019-09-16 11:39:53
Тажикстан менен болгон чек араны тактоо чек арада жашаган элге абдан маанилүү. Ошондуктан бул чечимди саясий максаттар үчүн бурмалабай, келечек үчүн түшүнүп, колдоп кабыл алышыбыз керек.
-1
altyn-kumush
2019-09-16 11:41:52
Чек ара бир кездеги "булбулдун" айынан чечилбей талаш болуп калды. Эми өзү келип чечип берсин үйүндө сайрай бербей.
0
elchi84
2019-09-16 11:43:14
Бизде президент губернатор депутат дегендер барбы унчукпайт го эч кимиси бир райондун акимин тоготчу беле Тажиктер .Жерге тойбодуго бул тажиктер.
+2
kg.nurik
2019-09-16 12:38:21
Эмнеге анчалык конул кош мамиле кылууда бийликтегилер!!! Лейлек Эли Адам эмесби силерге жэ керек эмесби. Жетимсиретбей чечип бергилечи!! Шайлоодо Берген убаданарды аткаргыла!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан