21-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев "Республика-Ата Журт" фракциясынын айрым депутаттары Орусияга барып, Өмүрбек Бабанов менен жолугуп келишкенин маалымдаган. Анда ал Бабанов өлкөгө кайтып келүүнү пландап жатканын айткан. Ошол эле күнү Өмүрбек Бабанов интернет аркылуу кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, "жакында көрүшкөнчө" деп жазды.
Андан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат деп билдирген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "УКМК Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келсе жоопко тартылат деди. УКМКнын Бабанов тууралуу билдирүүсүндө саясий куугунтуктун белгиси байкалабы?" деген собол салды.
Бул суроого Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев жооп берди. Ал Өмүрбек Бабановго карата саясий куугунтуктун белгиси байкалат же байкалбайт деп айта албастыгын белгиледи.
“Менин жеке пикиримде УКМК туура кылды. Анткени УКМК саясий иштерге өзүнүн оюн дайыма айтып турушу керек. Себеби президент, саясий лидер же жөнөкөй жаран болобу бардыгы мыйзамдын алдында бирдей. Бабановдун иши өткөн жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу болгон. Биз бул эң кыска убакытта адилеттүү жана калыс каралып, иш жабылат деген үмүттөбүз. Президент Сооронбай Жээнбеков да өзгөчө көзөмөлгө алат деп ишенебиз.
УКМК эгерде Бабанов Кыргыз мамлекетине келсе тергөө иштери уланат, аны тергөө иштеринин алкагында суракка чакырабыз десе туура болмок. Себеби Өмүрбек Бабанов жоопкерчиликтен качпайт. Ал кылмыш ишине байланышкан суроолордун бардыгына келгенде так жооп берет деп ойлойм”, - деди Казакбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Марлен Маматалиев, укук коргоочу Рита Карасартова, саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.