2014-жылы Суусамыр-Талас-Тараз жолу оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов 2-августта билдирди. Айтымында, кийинки жылы аталган унаа жолунун 75-чакырымынан 105-чакырымына чейинки бөлүгү оӊдолот. Бул үчүн 20 миллион доллар каражат бөлүү каралып жатат.