Август айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баалары кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациянын президенти Медетбек Керимкулов 2-августта маалымат жыйында билдирди. Айтымында, бул Орусияда күйүүчү майга болгон баалардын жогорулашына байланыштуу болот. “Баалар аз өлчөмдө гана жогорулайт. Азырынча күйүүчү майлардын кору жетиштүү болгондуктан, баалар август айынын ортосунда жогорулашы мүмкүн. Мындай абал мунай чыгаруучу ишканалар продукцияны аз чыгарып баштагандыгына байланыштуу болууда. Ошондой эле Орусияга Беларустан мунай аз алынып келинүүдө”,- деди ал.