Бүгүн, 2-августта тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюйду кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кытайдын өкүлү Си Цзиньпиндин сентябрь айында Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитине карата даярдыктарды көрүү маселесине өзгөчө көңүл бурушту.