Талас районунда 50 балага ылайыкталган жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Азият Жаркыналиева 5-августта билдирди. Анын айтымында, курулушка жеке ишкерлердин бири 1 миллион сом каражат бөлүп берген. Жергиликтүү бюджеттен 400 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле 50 баланын ата энесинен 5 миң сомдон жыйналган.