Францияда кыргыз кызы тартылган граффити пайда болду

Франциянын Сан-Бриё шаарында кыргыз кызы тартылган граффити пайда болду. Бул тууралуу Basicolors арт-тобу социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

Белгилүү болгондой, граффити “JUST DO PAINT” эл аралык арт фестивалынын алкагында тартылган. Анда улуттук кийим кийген кыргыз кызынын сүрөтү жалпы аянты 100 чарчы метр жерди ээлеген.

"Фестивалга Франция, Германия, Түштүк Америка, Италия, Малайзия жана Кыргыз өлкөсүнөн барган 30дан ашык сүрөтчү катышты. Фестивалдын алкагында 1 жума бою сүрөтчүлөр көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдарына түрдүү сүрөттөрдү тартышкан. Мындан сырткары жаш сүрөтчүлөргө атайын мастер-класстар уюштурулган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
interpol
2019-07-02 21:48:01
Элина Абай кызы го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан