Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелден ыраазычылык кат алды

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелден ыраазычылык кат алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн, 5-августта билдирди. Ангела Меркель туулган күнүнө байланыштуу куттуктагандыгы үчүн президентке чын жүрөктөн  ыраазычылык билдирген. “Мен өткөн жылы декабрдагы Берлинде болгон биздин жолугушуубузду жана өз ара кызыгууну туудурган маекти канааттануу менен эстейм. Германиянын өкмөтү Кыргызстанда мындан ары да демократияны өнүктүрүүгө жана мыйзамдын үстөмдүгүнө багытталган сиздин аракеттериңизди ар тараптан колдойт. Биздин жолугушуудан кийин эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү боюнча келип чыккан идеялар биздин биргелешкен ишибиздин алгачкы жыйынтыктарын чыгара аларыбызга мындан ары да ишеним берет”, - деп жазылган билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан