Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бишкекте Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Ашырбек Темирбаев өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту, билимин жана топтогон тажрыйбасын республиканы өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө арнаган мамлекеттик кызматкер болгон.

"Ашырбек Мойдунович чынчылдыгы, эмгекчилдиги менен өзгөчөлөнүп турчу. Ооруканада дарыланып жатса дагы иш-кагаздарын карап, бардыгын ак ниеттүүлүк менен өз убагында аткарып келди. Ал өлкөнүн келечеги үчүн тынчсызданган чыныгы патриот. Мамлекетти өнүктүрүүгө зор салымын кошту. Ашырбек Мойдунович өзүнүн жооптуу кызматында туруп аткаруу бийлигинин жана мыйзам чыгаруу бийлик бутагынын ортосунда көпүрө болчу, анын иши аркылуу парламент менен узак мөөнөттүү мамилелер курулган. Ашырбек Мойдунович мамлекеттик кызматтын үлгүсү болуп калды. Бул биз үчүн жана өлкөбүз үчүн оор жоготуу", – деди өкмөт башчы.

Акыркы сапарга узатуу иш-чарасында президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-спикер Мирлан Бакиров сөз сүйлөдү.

16-июлда өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев оорудан улам каза болгон. Ал 66 жашта эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан