Кыргыз чек ара кызматынын башчысы Баткенге учуп кетти

Кыргыз-Тажик чек арасында бүгүн, 23-июлда саат 7:30га карата маалымат боюнча абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"Ок атышуу токтотулду. Чек арачылар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Исфара-Ворух унаа жолу жабылган бойдон калууда. Кыргыз жана Тажик чек арачылары, укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаңжалдын алдын алуу боюнча иш-аракеттерди көрүшүүдө. Кыргыз чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна учуп кетти", - деп айтылат маалыматта.

22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жаңжалдан 8 адам жабыркаганын, экөөсүнө операция жасалганын кабарлаган. Ак-Сай айылынын жашоочусу болсо 11 адам жабыркап, алардын тогузу октон жаракат алганын айтты. Жаңжал боюнча Кыргыз жана Тажик Чек ара кызматы да билдирүү таратты. Тажикстан тарап жаңжалдан 1 адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алганын маалымдады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
elb_2121
2019-07-23 11:01:47
эми кеч болуп калды эртереек учканынарда ушул окуя болбосо керек эле
+2
Altyn2017
2019-07-23 14:26:18
Белый домду ошол жакале көчуруш керек болуп калды 120 жепутаты менен кошо.
+1
temirov76
2019-07-23 16:12:50
Булар учуп келе берет учуп кете берет натыйжасы 0.
+1
Mital.89
2019-07-23 20:44:42
Ушул айылдагыларга боорум ачыйтда. Мен служба кылган убакыттада шундай эле. Ар 2-3 кундо ушундай чыр эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан