"Жок дегенде тосуп койчу зым менен!". Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча бийликке кайрылган ырлар топтому (видео)

Жеңишбек Жумакадыр

"Өкмат аке бир жолук"

Арманымды мен айтайын ыр менен,
Жыйырма жылы кыйналдык го чыр менен.
Чек араны суранамын чоңдордон,
Жок дегенде тосуп койчу зым менен.

Тажиктердин чек арасы зым болуп,
А биздики кулап калар чым болуп.
Арман басып дүнүйөм,
Айрылганча үйүмөн.
Айланайын, Мамат аке,
Айбалаев бизге бир жолук.

Үч-төрт тажик сойлоп өтүп үйүмөн,
Бир заматта ойрон болду дүнүйөм.
Көрүп калсам Баткенимден Жиптерди,
Ак Үй жактан келдиби деп сүйүнөм.

Башкалардын чек арасы зым болуп,
А биздики кулап калар чым болуп.
Арман басып кейигем,
Айрылганча жеримен.
Айланайын, айланайын,
Депутаттар бизге бир жолук.

Партиялар каалагандай калчады,
Элдин баары шайлай берип чарчады.
Казактарга Каркыраны карматтык,
Эми билбейм жоготобуз канчаны?

Кыздарыбыз ойлогону пул болуп,
Күйөө балдар ким экени сыр болуп.
Кудай Таала эс берсе,
Кытайларга кеткенче.
Кагылайын мен алайын,
Карындашым мага бир жолук.

Бир башкача сезим бийлейт дүйнөмдү,
Көргөнүмдө газы өчкөн үйлөрдү.
ГЭСибиз бар, эсибиз жок экен го,
Токтогулдан суу жоголду ким көрдү?

Карайлаган көңүлдөргө нур толуп,
Кайра баштан кубаналы бир болуп.
Жерин сатып талаалатпай,
Элин баккан Манастай.
Айланайын, кагылайын,
Ким болсоң да бизге бир жолук.

Видео материал интернет булактарынан алынды. Зээни кейип, буулугуп турган Көк-Таш айылынын кулуну Байаман Жоробай уулу ыр менен абалды айтып берген.

Өмүрбек Азимбаев

"Баткендин арманы"

"Бир тууган алты агам" бар бөлүнүшкөн,
Бирикпей бир-бирине сөгөнүшкөн.
Бой жетип мен ымыркай кезде булар,
Байкуш мен кур калыпмын көп үлүштөн.

Жүктөлгөн турмуш жүгү жонумдагы,
Жүдөтүп өспөй калды боюм дагы.
Алсыз деп "сакалчандар" мага келип,
Аткартат талаптарын оюндагы.

Анчейин бурбайт көңүл "атам" дагы,
Алпештеп бакпайт байкуш "апам" дагы.
"Кошунанын" балдарынын таягын жеп,
Кокуй ай, канча азапка батам дагы?!...

"Кошуналар капталдагы, туурадагы" ,
Койгулайт, унчуга албайм урса дагы.
Кайрылбайт "атам, апам, агаларым",
Кансырап жаным сыздап турса дагы.

Айла жок көк беттенип муштум кезеп,
Айтамын ичтен түтөп: "Келет кезек!"
А бирок ошол күнгө жетчү жолдун,
Азабы көп ойлонтуп жүрөктү эзет...

Бирок да үмүт чиркин өчпөйт билем,
Бир күнү менин көчөм көктөйт билем!
Бир эле "агаларым, атам" эмес,
Бүтүндөй дүйнө мени көксөйт билем!

Жолдордо кыйма-чийме жаңы салган,
Жорголоп күмүш түстүү арабачан.
Жамынган жыртык тонун чечип салып,
Жасанат дал ошондо "аяш аваң!

Эламан Келдибеков

"Баткенден келген пасылке"

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kultegin
2020-05-10 08:59:15
Элмирбек бейишин Болсун, Элмирбек менен Женишбек залкар инсандарсынар. Элмирбектин чондорго арналган ыры таамай айтылган,
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан