Айып пулдан түшкөн каражаттын 35 миллион сому "Тез жардам" унаасын сатып алууга бөлүнөрү каралууда

Кыргыз Республикасынын өкмөтү "Тез жардам" кызматына унаа сатып алуу үчүн 35 миллион сомдон ашуун каражат бөлүүнү пландаштырууда. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Тез жардам" кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында алына турган жаңы унаалар "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында түшкөн айып пулдардын эсебинен каржыланат. Бүгүнкү күндө жол кыймылынын эрежелерин бузуудан 175 миллион сом топтолгон. Анын 35 миллион сому "Тез жардам" кызматына унааларды сатып алууга бөлүнөт.

Жыл аягына чейин жол эрежелерин бузуу ушул ыргак менен кетсе, анда "Тез жардам" унааларын сатып алууга дагы 70 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан