SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө Курманбек Бакиевдин Беларустун Минск шаарында өткөн туулган күнүндө тартылган видеосу жүктөлгөн. 70 жылдык юбилейге белгилүү өзбекстандык "Ялла" тобу келген.
Анда аталган топтун ырчысы "Ташкенттен ысык салам! Курманбек Салиевич, бүгүнкү туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Сизге көптөгөн жакшы каалоо-тилектерди айткым келип жатат" деп чыгармасын тартуулаган. Андан кийин Курманбек Бакиев музыкалык топко ыраазычылыгын билдирген.
"Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсү жөн гана коңшу мамлекет эмес. Өзбекстанда менин бир нече досторум бар. Президент Шавкат Мирзийоев премьер-министр болуп турганда мени тосуп алган. Биз Самаркандда 2 күн болгонбуз. Ал жакка барганда бир гана жакшы учурлар эсте калган. Ошондуктан достор, бул тостту Чыгыш өлкөсү үчүн, чыгыштын акылмандары, философтору, меймандостугу жана чыгыштын жан дүйнөсү таза эли үчүн көтөргүм келип жатат. Мына ушундай адамдардан үлгү алыш керек", - деген ал.