Коргоо министрлигинин делегациясы аскердик кызматташтыкты талкуулоо үчүн АКШга жөнөп кетти

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташуу башкармалыгынын башчысы Нурлан Чомоев башында турган аскердик делегация АКШнын Тампа шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапардын максаты - АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын өкүлдөрү менен бирдикте ар жыл сайын өтүүчү консультативдик-штабдык сүйлөшүүлөргө катышуу болуп саналат. Ошондой эле 2014-жылга карата эки тараптуу аскердик кызматташуу планы талкууланмакчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан