Жалал-Абад. Аксынын Ак-Жол айылындагы балдар эс алуучу жайлар таланып жок болгон
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Жол айыл өкмөтүндө жаш балдар эс алуучу жайлар жок. Алар жайкы каникулда айылда аккан чоң суунун жээгинде сууга түшүп эс алышат. Муну аталган айыл өкмөттүн башчысынын милдетин аткаруучу Бердалы Мырзакулов билдирди. Айтымында, айылдагы томолой жана жарым жетим балдар Кашка-Суу айылындагы "Кашка-Суу" лагеринен эс алып келишет. "Биздин айылда мурда шахтёрлордун чоң лагери болгон. Ага Кара-Көл, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарчаларынан да балдар келип эс алып турушчу. Бирок акыркы жылдары ал имараттар жеке менчик адамдарга сатылып, тонолуп кеткен. Учурда бассейни бар, аны кайрадан калыбына келтирүү үчүн долбоор жазуудабыз",- дейт Мырзакулов.