Баткен облустук сотунун төрайымы болуп Гульмира Кожобекова дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлады.
"Ушул жылдын 2-августунда Баткен облустук сотуна төрагалык кылып келген Мусаев Сайдибаказ Темировичтин 3 жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу облустук сотту шайлоо болду. Анда облустун судьялары катышып, бир добуштан Кожобекова Гульмира Турдумаматованын талапкерлигин колдошту. Ал эми жарандык иштер боюнча орун басары болуп Абдураимов Арзыбай Базарбаевич шайланды", - деди маалымат кызматынан.