Бишкекте туура эмес токтотулган унааларды эвакуациялоо иши жандандырылды

Бишкекте унааларды эвакуациялоо иши жандандырылганын шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлады.

"Буга чейин Бишкектин көчөлөрүндө туура эмес токтотулган унааларды "Портал групп" ЖЧКсы эвакуациялап келген. Аталган ишкана 2020-жылга чейин келишим түзгөн. Бирок ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы келишимди бузуп, туура эмес токтотулган унааларды эвакуациялоону баштады. Учурда башкармалыкта 8 эвакуатор бар.

Эвакуаторлор бүгүн, 15-августта саат 13:00дө Бишкектеги унаа көп делинген аймактарга барышат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
juma11anara
2019-08-15 14:02:33
Урматтуу кабарчы мен ушул жерин беш кайталап окуп түшүнбөй койдум.(Буга чейин Бишкектин көчөлөрүндө туура эмес токтотулган унааларды "Портал групп" ЖЧКсы эвакуациялап келген. Аталган ишкана 2020-жылга чейин келишим түзгөн. Бирок ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы келишимди бузуп, туура эмес токтотулган унааларды эвакуациялоону баштады. Учурда башкармалыкта 8 эвакуатор бар)
0
Бактыгүл Момбекова
2019-08-15 14:18:05
juma11anara, Саламатсызбы. Эмнесин түшүнө албай жатасыз? Бул жерде Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы "Портал групп" жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим түзгөндүгүн айтып жатат. "Портал групп" 2020-жылга чейин туура эмес токтотулган (атайын унаа токтотуучу жерге эмес көчөнүн каалаган жерине) унааларды эвакуациялашы керек болчу. Бирок алар ишин так аткарбагандыктан башкармалык келишимди бузгандыгы тууралуу сөз болуп жатат.
0
BekAmir
2019-08-15 20:27:50
озгонгода жоноткулочу экоону жоноткулочу
+2
munduz2016
2019-08-15 22:25:21
Жалалабат шаарында да өтө көп туура эмес жерге токтогондор
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан