14 жаштагы Акунова Шахноза Рустамовна аттуу кыз дайынсыз болуп изделүүдө. Ал үйүнөн 21-августта саат 18:00 чамасында чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдагандай, Шахноза Акунова Аламүдүн районуна караштуу "Энергетиктер" шаарчасындагы үйүнөн чыгып кеткен.
Изделип жаткан кыздын бою 150-160 сантиметр, арык. Үстүндө кызыл түстөгү спорттук кийим, көк түстөгү жынсы шым, бутунда кара түстөгү жайкы бут кийим болгон.
Милиция кызматкерлери сүрөттөгү Шахноза Акунованы көрүп, билгендер болсо Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 363-527 же төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0(312) 363-523, 0(552) 220-692, 0(704) 312-505, 0(550) 343-363 же 102.