Бишкектеги кафелердин биринин администрациясы социалдык тармактагы баракчасына августтун аягында 10 миң 637 сом өлчөмүндөгү акчага тамактанып, акысын төлөбөй кеткен жигитке кайрылып, билдирүү жазды. Ал сүйлөшкөн кызын узатып чыккан боюнча келген эмес. Бирок официанттарга кат жазып кеткен.
“Мен карганып сөз берем, бул жакка келе жатып капчыгымды жоготуп алдым. Бул менин биринчи жолугушуум. Бизди токтотпогулачы. Кайра келип эсепти жаап кетем”, - деп жазган ал.
Кафенин эмгек жамааты катты окуп, жигиттин абалын түшүнүү менен карап, жогорудагы сумманы жойгонун, аны издебей турганын жазган.
“Биз ал учур кандай ыңгайсыз экенин түшүнөбүз жана эки жаштын романтикалуу кечин биздин эсептен өткөрүп бергенибиз үчүн чын жүрөктөн кубанычтабыз. Эки жашка бакыт-таалай каалайбыз”, - деп жазып калтырышкан эс алуучу жайдын администрациясы.
Аталган билдирүүнүн алдына колдонуучулар жигитти студент болуш керек деп божомолдосо, айрымдары кол жазма аял кишиникине окшош экендигин, башкалары мыкты пиар болгонун жазышууда.