Кыш келип калдыбы? Сентябрда айрым аймактарда кар жаады

Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу республиканын айрым аймактарында кар жаады. Тагыраак айтканда, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жана Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда кар жаады.

Окурмандардын маалыматына ылайык, кар 10-сентябрга караган түнү жааган. Мындан улам үшүк жүрүп, дыйкандарга кыйынчылык жаралган.

Ал эми "Каракол" тоо-лыжа базасында жаап жаткан кар бүгүн, 10-сентябрда саат 09:27ге карата алынган.

Кыргызгидромет 9-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн маалымдаган. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир өрөөндөрүндө жаан-чачын катуу жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетери күтүлөрүн кабарлаган.

Кардын эрте жаашы, ошондой эле күз мезгилинде күндүн жылуу болушу эмнеден кабар берет? Мындай учурларды кыргыздар айдын чыгышына, мезгилдин жүрүшүнө карап болжоп келишкен. Мисалы сентябрдын аяк чени, октябрдын башында кардын кыламык жаашын кыш бала салып койду деп айтчу. Ал дегени алдыда боло турган кыштын жылуу болушун болжоп айтканы. Ошол эле учурда күз мезгили көпкө созулуп, жылуу тартып кыш кечиксе күздүн моюну узарды, кыштын мөөнөтү созула турган болду деп болжоп келишчү.
Жаратылыштын мезгилдерин эл арасында түрдүү болжол менен айтылганы тууралуу кененирээк бул жактан окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Umka22
2019-09-10 11:06:21
Кыш саламдоо айтып жаткандыр да көмүр отунунарды дайардагыла деп көмүр алыш керек эле
-1
Asking-
2019-09-10 15:13:43
Азыр салам дубасы жок кыш келип калды. Пейлине жараша заманан
-1
Hanuman
2019-09-12 16:34:13
Asking-,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан