Маалымат каражаттарында "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери алмашат деген маалымат тарады.
Аталган фракциядан депутат Руслан Казакбаев SUPER.KG порталына билдиргендей, бул боюнча маалымат каражаттарынан окуган. "Лидер алмашуу үчүн фракция чогулуш керек. Азырынча чогула элекпиз. Мындай маселе дагы жок", - дейт Казакбаев.
Депутат Таабалды Тиллаев жана Максат Сабиров лидер алмашат деген маалыматты төгүндөдү. Ал эми депутат Кенжебек Бокоев бул тууралуу маалыматы жоктугун айтып, фракция жакын арада чогулбай турганын кошумчалады.
Учурда "Республика-Ата Журт" фракциянын лидери Жыргалбек Турускулов.