Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин комитетинде билим берүү жана илим министр кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралууда.
Анда депутат Исхак Масалиев азыркы өкмөт биринчи жолу татыктуу талапкерди сунуштап жатканын айтты. "Өкмөт буга чейин тажрыйбасы жокторду сунуштап келген. Биринчи жолу татыктуу талапкерди сунуштап жатат. Мен сиздин талапкерлигиңизди колдойм", - дейт Масалиев.
Каныбек Исаковдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады.
4-сентябрда мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган. Акыркы учурда билим берүү жана илим министрлигине жана анын жетекчилигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн эле. Жакында эле Нарын облусундагы контейнер мектептин ачылыш аземи социалдык тармактарда талкууга алынган.