Москвада мигранттарды кармоочу лагерде каршылык акциясы болду

Бүгүн, 8-августта Москвадагы Гольяново районунда мигранттарды кармоочу лагерде каршылык акциясы болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Анда 10го жакын киши “Легалдуу эмес адамдар болбойт” деген баннерди жайышып, “Бүгүн мигранттар – эртең силер!” деген сөздөрдү айтып, кыйкырышкан. Маалыматка ылайык, акциянын катышуучуларынын бири дагы кармалган эмес. Буга чейин дагы “Автономиялык кыймыл” коомунун активисттери Москванын миграциялык федералдык кызматынын алдында “Этникалык тазалоо – шайлоо алдындагы пиар”, “Ксенофобия кылмыштуулукту жок кыла албайт” деген плакаттарды кармап акция өткөрүшкөн. Белгилей кетсек, Гольяноводогу лагерь июль айынын акырында Москванын базарларында мыйзамсыз түрдө иштеп жүргөн мигранттарды кармагандан кийин түзүлгөн. Учурда ал жерде 600гө жакын адам бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан