Депутат Момбеков: "Билим берүү министрлиги тейлеген үч багыт болсо, бүгүнкү күндө ошол үч багыт өлдү"

"Билим берүү жана илим министрлиги тейлеген үч багыт болсо, бүгүнкү күндө үч багыт өлдү деп айтсам аша чапкандык эмес", - деп бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Учурда жыйында билим берүү жана илим министр кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатат.

"Аталган министрлик тейлеген үч багыт бул бала бакчалар, мектептер, жогорку окуу жайлар. Бала бакчалар жетишсиз, кезек күтмөй, пара алмай, бир бөлмөдө 40 бала уктап жатат. Бул маселени кантип чечесиз?" - деп сурады Момбеков.

Каныбек Исаков бул маселени анализдеп, чечкенге аракет кыла турганын айтты. "Бала бакчаларды көбөйтүш керек. Мамлекеттик жана менчик бала бакчаларга мүмкүнчүлүк түзүү зарыл. Бала бакчанын көйгөйүн системдүү түрдө чечебиз", - дейт Исаков.

Момбеков орто мектептердеги билим деңгээлинин төмөндүгүн билдирди. Ошону менен катар эле ал жогорку окуу жайлардын саны көбөйүп кеткенин кошумчалады. "Койчу көп болсо кой арам өлөт деген сөз бар. Жогорку окуу жайлардын саны көбөйүп кетти", - деди Момбеков.

Каныбек Исаков белгилегендей, учурда 31 мамлекеттик жогорку окуу жайы бар. "Ал эми менчик окуу жайларга атаандаштык болсун деп лицензия берилсе керек", - деди Исаков.

Мындан тышкары, депутат мугалимдердин айлыгы кайсы булактын эсебинен көтөрүлө турганын сурады.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова республикалык бюджеттин эсебинен мугалимдердин айлыгы көтөрүлө турганын айтып, кээ бир чыгымдар кыскара турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jaznura
2019-09-11 11:34:46
Момбековго тил бутуптур, абитуриенттен сынак алгандай сурап, жок дегенде бир сунуш бербейби
+1
Erik2018
2019-09-11 11:35:42
Момбеков адатынча тантыптыр
+1
altyn-kumush
2019-09-11 11:51:32
Булбулум бул күндө да буулугуп калган экен да. Кеч киргенче сайрап. Бул адамдын тили буудай кууруйт. Иш жүзүндө конкреттүү пландары жана көрсөткөн жыйынтыгы жок.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан