Кыргыз-Кытай чек арасы 13-сентябрдан 15-сентябрга чейин убактылуу жабылат. Бул боюнча Чек ара мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, демилге кытай тараптан көтөрүлгөн. Анда Ай майрамына карата Торугарт жана Эркечтам унаа жолунун өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Майрамдан кийин көзөмөл өткөрүү бекеттери кадимки тартипте иш аткарып баштайт деп жазылат маалыматта.