Парламентте пенсионерлердин үйүн салыктан бошотууга багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 11-сентябрда парламентте пенсионерлердин үйүн салыктан бошотууга багытталган мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Анвар Артыковдун айтымында, мыйзам долбоору ишкердик иштерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү жолу менен пенсия жашына чыккан адамдарды татыктуу жашоо деңгээлине жеткирүү максатында иштелип чыккан. Пенсияга чыккан адамдын бир үйүн же бир батирин салыктан бошотууга багытталган.

Депутат Искендер Гайпкулов мыйзам долбоору үй-бүлө мүчөлөрүнүн ичинде эмгекке жарамдуусу болбосо мыйзамды карап чыгууга болорун, болбосо колдоо зарылчылыгы жоктугун билдирди. Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов пенсионерлер дары дармек алууга алы келбей жаткан бүгүнкүдөй шартта мыйзам долбоорун дыкаттап карап чыгып, колдоо керек деген пикирин айтты. “Турак жайга болгон салыкты таптакыр жоюу керек. Бирок бүгүнкүдөй бюджеттин чамалуу шартында өкмөттү дагы түшүнүү керек. Мыйзам долбоору азырынча эртелик кылат”, - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbek56
2019-09-11 16:47:29
инвалидтерге да караштыргылачы штрафтарды мен 1-чи группадагы инвалидмин же стоп линиясы жок же асфальтты жок таштак жолдон 3-штрафым бар 3000.с дон общий 9000.с
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан