Бүгүн, 11-сентябрда Ош шаарында Аравандагы абал боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбекова SUPER.KG порталына билдирип, төмөнкүлөргө токтолду.
"Керкидан суу сактагычында болгондо дагы биздин аймакта эмес, делимитация болгон жердин ары жагындагы өзбектер тарапка жакыныраак жерде куруу иштери башталган экен. Мындан улам биз тараптагылар нааразычылык билдиришкен.Тиешелүү тараптар барып ал жакты тактап, абал менен жеринен таанышкан. Жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдүн негизинде куруу иштери токтотулган. Аймак учурда стабилдүү, бардыгы үйлөрүндө. Аравандагы абал боюнча республикалык комиссиянын мүчөсү Байыш Юсупов бүгүн, 11-сентябрда процедуралык жыйын өткөрдү. Жыйында ал жактагы абал тууралуу талкуу жүрүп, тапшырмалар берилди. Жыйын өзгөчө кырдаалдан улам өткөн жок. Тактап кетчү жагдай, аталган аймакта өзбек-кыргыз дагы урушкан эмес. Өзбек чек арасындагы жашоочулар менен кыргыз чек арасындагы жашоочулар ортосундагы талаш суроолуу маселелерге жооп берилди", - деди Кадырбекова.
Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев аталган аймакка эртең, 12-сентябрда барып таанышат. Өкмөт өкүлүнүн аймакка эртең барып таанышуусун маалымат катчы өкүлдүн башка аймактагы пландалган жолугуушулары себеп болгону менен түшүндүрдү.
Эскерте кетсек,10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Кыргыз өлкөсү менен чектешкен Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги аймакты тосуп киргени Кыргыз жарандарын нааразы кылып, эки тараптын пикир келишпестигине жем таштаган. Абал менен жеринен таанышкан Араван районунун акими окуя боюнча түшүндүрмө берген.