ӨКМ: "Калың жааган кардан улам жайлоодогу чабандар көчүрүлүп келүүдө"

Чүй облусунун Жайыл районунда 9-сентябрда калың жааган кардан улам Суусамыр айыл аймагындагы Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорунда чабандар мал жандыктары менен калып калышкан. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

10-сентябрь күнү чабандар малдары менен ӨКМ тарабынан көчүрүлүп келинген. 11-сентябрь күнү боз үйлөрүн көчүрүп келүү максатында ӨКМнын Жайыл районунан ыкчам топ Урал унаасы менен Сандык жайлоосуна барышып, чабандардын 1 каттам тиричилик буюмдарын көчүрүп келишкен. Көчүрүү иш-чаралары 12-сентябрь күнү да улантылат.

Нарын облусунун Жумгал районунда 10-сентябрь күнү аба ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Чаек айыл аймагына караштуу Ой-Кайым жайлоосунда 10 чабан мал жандыктары менен калып калышкан. Чабандарды көчүрүп келүү максатында ӨКМнын 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, саат 20:40та 1 чабанды мал жандыктары менен Байзак айылына аман-эсен түшүрүшкөн. Куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан. Чабандарды көчүрүү иш-чаралары 12-сентябрь күнү улантылат.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 9-сентябрь күнү аба ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Кичи-Суусамыр жайлоосунда 7 чабан мал жандыктары менен калып калышкан. Бүгүн, 12-сентябрда чабандарды көчүрүп келүү максатында ӨКМдан 4 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер жана "Тез жардам" кызматынан 1 кызматкер тартылып, 5 чабанды мал жандыктары менен коопсуз жайга түшүрүшкөн. Чабандарды көчүрүү иш-чаралары 12-сентябрь күнү улантылат.

Аксы районунда 10-сентябрь күнү аба ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Ак-Суу айыл аймагындагы Кум-Бел, Миң-Бугу жайлоолордо малчылар мал жандыктары менен калып калышкан. Чабандарды көчүрүп келүү максатында ӨКМдан 6 куткаруучусу, ИИМден 4 кызматкер, токой чарбасынан 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылган. Учурда байланыш жок.

Мал өлүп, дан кар алдында калды: Суусамырга түшкөн сууктун түйшүгү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
katerina.li
2019-09-12 21:58:19
Кочурулбой эле оздору кочуп келе жатышат ко самсаалашып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан