Бишкек ЖЭБи 1 миллион 140 миң тонна көмүр даярдашы керек

“Электр станциялар” ачык акционердик коому Бишкек ЖЭБи кышкы жүктөмдөрдүн максимумун аткарууга даяр. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында аталган акционердик коомдун директору Исланбек Сарсеитов билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш жылытуу мезгилине Бишкек ЖЭБи 1 миллион 140 миң тонна көмүр даярдашы керек. Анын ичинен тиешелүү өлчөмдөгү көмүрлөр жергиликтүү ишкерлерден сатылып алынат.

Бүгүнкү күнү, Бишкек ЖЭБинде 80 000 тонна көмүр бар. Станциянын үзгүлтүксүз иштеши үчүн ушул көлөм жетиштүү”, - дейт ал.

Көмүрдү ташып жеткирүү боюнча тендерди казак компаниясы утуп алган. Бул боюнча 17-сентябрда эки тараптын келишимине кол коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан