Бишкектеги Эски аянтта бүгүн, 9-августта пенитенциардык кызматта иштегендердин кесиптик майрамы белгиленип, парад болуп өттү. Парадды ЖАМКнын кайтарып конвоирлөө департаментинин башчысы Эсен Жумакадыров башкарды. Майрамдык иш-чарага вице-премьер-министр Токон Мамытов, ЖАМКнын жетекчилиги, ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Мирослав Новак, ЖАМКнын мурунку башчысы Шейшенбек Байзаков жана башкалар катышты. Парадда кызматтын айрым өкүлдөрү медаль, Ардак грамоталар менен сыйланды.