"Бул бизнесте бир күн да иштеген эмес". "Кыргыз аялым бизнесимди тартып алды" деген түштүк кореялык ишкерге ажырашкан жубайынын жообу

Бүгүн, 13-сентябрда Түштүк Кореянын Ли Хи Ман аттуу жараны маалымат жыйын өткөрүп Кыргыз өлкөсүндөгү укук коргоо органдарына жана кыргыз аялынын мамилесине нааразы экенин айткан. Ал аялын мүлктөрүмдөн тартып, бизнестериме чейин жасалма документтер менен өзүнө өткөрүп алды деп айыптаган. Ошондой эле ал: "Аялым мага айтпай ажырашыптыр" деген.

Бул боюнча SUPER.KG порталы жогоруда аты аталган түштүк кореялык ишкердин ажырашкан жубайына байланышып, жообун укту.

"Мен маалымат жыйынды көрдүм. Бул кадимки эле үй-бүлөлүк чыр. Анын коомчулукка чыгып алып маалымат жыйын бергени балдардын атасы катары туура эмес болуп калды. Үй-бүлөдө бир нече жолу зордук-зомбулук, сабоо болуп турган. Бул боюнча мен анын үстүнөн арыз жазгам. Укук коргоо, сот органдары аны жазалашы мүмкүн экенин түшүнүп жатат, ошол себептен ушундай кадамга барууда", - деди ал.

Редакциянын сизди бизнесимди тартып алды деп айыптады деген суроосуна: "Кантип ошондой болсун, кантип? Эгер ал киши өзү бул бизнес менен бир күн алектенбесе. Ал бул бизнесте бир күн да иштеген эмес. Анын бардык айыптоолору жөн эле куру сөздөр", - деген ишкер аял бул тууралуу маалыматтардын баарын өзүнүн жактоочулары толук бере алышарын белгиледи.

Ошондой эле балдарым ыңгайсыз абалда калбасын деген жүйө менен үй-бүлөлүк чырды коомчулукка чыгарып, абалды билип-билбеген адамдардын талкуусуна салгысы келбей турганын айтты.

"Эгер үй-бүлөлүк абалды элге жарыяласак бул балдарды капа кылышы мүмкүн" деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
senchi
2019-09-13 16:19:00
Проблемаңарды өз ара эле чечпейсинерби концерт койбой.
0
Burubek
2019-09-13 16:27:09
Энең кореец
+2
Skarlett-Skarlett
2019-09-13 16:35:09
Тартып эле алган,аялдан айла качып кутулбайт го.
+23
Bekturbek
2019-09-13 16:39:31
Туугандар!!! Кызыңарды мусулман эместерге бербегиле!!! Нике жүрбөйт!!! Зынадан эч айырмасы болбойт!!!
+19
asash
2019-09-13 17:46:23
Кореяга барып жашагыла, балдардын атасы деп койот дагын, ошон учун Чубак ажы туура эле айтат, экиден алыш керек аялды,тийгенче олуп кеткенсин да, баардык нерсени кылып эми,тороп алгандан кийин, актанба, кореяга барып жашагыла
+19
Ernisbii
2019-09-14 09:33:41
asash,Мына эки жээн пайда болду,ушунтип келечекти ойлобогон кыздардан жээндер пайда боло берет Кыргыздын канын бузуп. Кореецке эмнеге тийди расчет менен тийген. Кыздар мээңерди иштеткилечи Кыргыздын келечегин ойлоп.
+5
Aidar.001
2019-09-13 22:15:11
Таанышсак болот бекен ушул аял менен? :)
+7
taalay25
2019-09-14 10:49:55
Чон атандан калып беле ал бизнес! Бизнес планды ким тузду, ким акча которду?
+5
senchi
2019-09-14 12:46:38
Бизнесиң менен чык эшике, Өзбектерге берген жерди кайтаргыла
+3
Baku88
2019-09-15 23:59:17
Бул кыз кыйын экен го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан