Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү "Форум" имаратында жайгашкан КСДПнын кеңсесинен документтер менен компьютерлерди чыгарып кетишкен. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Аталган документтер жана техникалар соттун чечиминин негизинде жүргүзүлгөн. Соттун чечими аткарылып жатканда КСДПнын “Форум” имаратында эсепчиси, жактоочусу болгон. Аскер прокуратурасынын кызматкерлери мыйзамдын чегинде милдеттерин аткарган.
Алынган документтер жана техникалар УКМКга өткөрүлүп берилген.