Кегети капчыгайында калың жааган кардын кесепетинен 9 чабан мал-жандыктары менен калып калган

Калың жааган кардан улам Шамшы жайлоосунда 9 чабан мал-жандыктары менен калып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат 13-сентябрь күнү келип түшкөн. "Ошол жерге саат 20:00дө Кегети капчыгайы аркылуу Ысык-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана Жайыт комитетинен 1 адам чыгып кетишкен. Бүгүн Кегети капчыгайында калың кардын кесепетинен калып калган чабандарга жылынуучу жай уюштуруу максатында 1 даана 10 орундуу чатыр тургузулуп, Ысык-Ата айыл аймагы тарабынан ысык тамак берүү уюштурулат. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2019-09-14 11:36:15
Шамшы жайлоосу баягы Чыпалак баатыр жургон жайлоо беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан