Тажикстандын чек ара кызматы Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан бир адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алганын билдирди. Мындан сырткары Ворух айылынын жашоочулары эки өлкөнүн президентинин жолугушуусуна даярдык көрүп жатканда чыр чыкканы айтылат.
"Даярдыктын алкагында Ворухтун жашоочулары Тажикстандын желегин илип жатышкан. Саат 16:35 чамасында Кыргыз жарандары буга каршылык көрсөтүп, өз алдынча жерди казып Ак-Сай деген жазууну жана өлкө желегин илип коюшкан. Бул иш-аракеттер Тажикстандын аймагында болгондуктан Ворухтун жашоочулары каршылык көрсөтүп, эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Кыргыз жарандары таштарды ыргытып, аны менен катар курал да колдонгондуктан Ворухтун бир жашоочусу октон каза болду. Дагы үч адам жаракат алды. Ыргытылган таштардан 7 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул арада Кыргыз жарандары Исфара-Ворух жолун жаап салышты.
Эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунун алдында чыккан окуя кыргыз чөйрөсүндө чек арада тынчтык болушун каалабай, чагымчылдык кылып жатышканынан кабар берет.
Азыркы тапта окуя болгон жерде Кыргыз жана Тажик чек ара кызматынын расмий өкүлдөрү турат", - деп билдирет Тажикстандын чек ара кызматы.
Маалыматка караганда, ушул аптанын соңунда президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара шаарында жолугушуп, Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо маселесин сүйлөшмөк.
22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жаңжалдан 8 адам жабыркаганын, экөөсүнө операция жасалганын кабарлаган. Ак-Сай айылынын жашоочусу болсо 11 адам жабыркап, алардын тогузу октон жаракат алганын айтты. Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосундагы жаңжал боюнча Кыргыз Чек ара кызматы да билдирүү таратты.