"Бүгүнкү күндө латын арибине өтүүнүн кажети жок". Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алып жатып билдирди.
Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргени боюнча жолугушуу бүгүн, 16-сентябрь күнү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өттү. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн күнүмдүк турмушундагы мамлекеттик тилдин өзгөчө ордун белгилеп, тил саясаты мамлекеттик саясаттын актуалдуу жана маанилүү багыты экенин баса белгиледи.
Андан ары ал акыркы мезгилде коомчулукта талкууланып жаткан латын арибине өтүү маселеси боюнча пикирин билдирди. Президент латын арибине өтүүнүн кажети жок экенин айтты. "Биздин маданий, илимий потенциал кириллицага негизделген шартта калыптанып, ийгиликтерди жаратты. Биз ашыкча талкууга убакыт коротпой, колдогу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен максаттарыбызды ишке ашырып, өнүгө беришибиз керек", - деди Жээнбеков.
Өткөн аптада Каныбек Исаковдун билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлиги Жогорку Кеңешке каралып жаткан учурда ал латын арибине өтүүнү колдой турганын билдирген эле. Анын мындай билдирүүсү коомчулуктун талкуусуна жем таштаган. SUPER.KG порталы буга байланыштуу "Латын арибине өтүү Кыргыз өлкөсү үчүн келечекте кандай артыкчылыктарды берет?" деген собол да салган. Ал эми шаар тургундарынын катышуусунда жүргүзүлгөн сурамжылоону бул шилтемеден көрө аласыз.