Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйү капиталдык оңдоодон өтүүдө
Бүгүн, 9-августта премьер-министр Жантөрө
Сатыбалдиев Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйүндөгү оңдоо иштери
менен таанышты. Аталган төрөт үйгө
болгон иш сапарында өкмөт башчысы оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү, ошондой эле
жылытуу системине көңүл буруу тапшырмасын берди. Белгилей кетсек, жыл сайын 5
миңге жакын ымыркай жарык дүйнөгө келген бул жай 1956-жылы курулган. Капиталдык
оңдоо иштерин жүргүзүү максатында марафон өткөрүлүп, 5 миллион сом чогултулса, президенттин
резервдик фондунан 1 миллион сом
которулган. Ал эми Кызыл-Кыя шаардык мэриясы 2 миллион сом каражат бөлгөн.