Чек ара маселесин чечүүнүн бир эле жолу - делимитация, демаркация процессин баштап бүтүрүү. Бул тууралуу депутат Исхак Пирматов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Бул Кыргыз мамлекети жана Тажикстан өкмөттөр аралык комиссиянын жумушу жана анын гана компетенциясы. Ушул комиссиянын гана чечимдери юридикалык күчкө ээ. Тилекке каршы, Тажик өкмөтүнүн комиссия мүчөлөрү сөзгө келбей, бизге таптакыр туура келбеген шарттарды айтып, компромисске келүү абдан татаал болууда. Түзүлгөн кырдаалда болгон рычагдарды колдонбоо өтө туура эмес, жада калса кылмыш деп эсептейм. Ал рычагдардын эң негизгиси - Баткен облусу аркылуу Тажикстанга транзит менен өтүп жаткан миңдеген тонна контрабанданы бууп салуу. Бул чоң экономикалык сокку болот. Сүйлөшүү процессин баштап, демаркация процессин жыйынтыктаганга кошуналарыбызды мажбурлайт. 5-6 аткаминердин бизнес кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы өйдө турушу керек. Өкмөтүбүздүн бул чечкиндүү кадамга тез арада эрки жетет деп ниеттенели", - дейт депутат.