8-майда Баткен облусунун чек ара аймагындагы чырда чек аранын чок ортосунда жайгашкан кыргыз тарапка тиешелүү болгон үйдү тажик тарап өрттөп жиберишкенин жашоочу маалымдаган.
Ал эми бүгүн, 10-майда үйдүн ээсинин иниси турак жай тамтыгы калбай күйүп кеткенин, анда эки үй-бүлө баш калкалап келгенин SUPER.KG порталына айтып берди.
Анын айтымында, азыркы тапта аталган үйдүн жашоочулары башка жакта баш калкалап жатышат.
"Күйгөн үйдө эки үй-бүлө, тагыраагы, менин агамдын жана дагы башка бир үй-бүлө жашап келген. Экинчи үй-бүлөдө кемпир-чал небереси менен жана агам беш баласы менен жалпы үйдө он адам баш калкалоочу. Азыр алар менин үйүмдө жашап жатышат.
Окуя болгон учурда ок атуу болуп, жашоочулар болушунча үйдө жашынууга аракет кылган. Бирок алар абалдын кооптуулугун байкап, качып чыгууга аргасыз болушкан. Бүгүн айыл өкмөт, аким келишип, өрттөлгөн үй тургузулуп бериле турганын айтышты", - деп билдирди жашоочу.