Ысык-Ата районунда дайынсыз болуп жаткан Ислам Айтымбетов аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Буга чейин, 15-сентябрь күнү Ивановка айылынын 12 жаштагы жашоочусу үйүнөн чыккан бойдон табылбай жатканы кабарланган. Милиция түшкөн арыз боюнча издөө салып, бала аман-эсен табылган. Бала ата-энесине өткөрүлүп берилди. Анын үч күн бою кайда жүргөнү такталып жатат.
Статистикага кайрыла турган болсок, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына түшкөн маалымат боюнча өткөн жылдын 12 айында 1718 адамдын жоголгондугу боюнча арыздар түшкөн. Алардын 98 пайызы табылып, үй-бүлөсүнө кайтарылган. Дагы 35 кишинин тагдыры белгисиз бойдон калган. Дайынсыз болуп жатат деп катталгандардын 686сы жашы жете электер.