Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу, журналист Азимжан Аскаровду бошотуу сунушу менен Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерришке кат жолдоду.
"2019-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын соту жаңы мыйзамдарга ылайык Азимжан Аскаровдун ишин карап, бирок өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган. Биздин кесиптешке сот адилеттүүлүгү жүзөгө ашырылышы керектигине кызыктарбыз. Ал 9 жылдан бери түрмөдө күн өткөрүп, ден соолугу начарлап жатат. Биз силерди бул иштин майда-чүйдөсүнө чейин талкуулоого мүмкүнчүлүк алууга чакырабыз. Кыргыз өкмөтү менен баарлашып, ал ошол жылдары журналист катары өзүнүн ишин жүргүзгөн адамды бошотууну суранабыз. Биз сиздин үнүңүз кандайдыр бир түрткү катары, журналистти камакка алуу мүмкүн эмес деген билдирүүнү жөнөтөсүз деп ишенебиз", - деп жазылат кайрылуу катында.
30-июлда Чүй облустук сотунда жаңы ачылган жагдайлар боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кылмыш ишин кайра карап, мурунку өкүмдү күчүндө калтырган.
2016-жылы 31-мартта БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровдун ар-намысын басмырлаган мамилени, укуктук коргоонун жана калыс, адилет соттук териштирүүлөрдүн болбогондугун, ырайымсыз, адамгерчиликсиз, катаал кыйноолор колдонулгандыгы боюнча фактыны тастыктаган. Аталган комитет Кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан токтоосуз бошотууга чакырган.
Кылмыш ишин караган Чүй облустук соту БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине байланыштуу 2017-жылдын 24-январындагы өкүмү менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 15-сентябрындагы өкүмүнүн айыптоо беренелеринин бирин жарым-жартылай өзгөртүү менен күчүндө калтырган.
68 жаштагы Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясында башаламандык уюштурган делинип, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал бул күнөөнү моюнуна албай келет.