Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 12 жаштагы Бебеза Саид Идрисовичке издөө жарыялайт. Бул тууралуу ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 18-сентябрь күнү Бишкектеги Свердлов РИИБине шаардын жашоочусу кайрылып, арызында уулу дайынсыз болуп жатканын жазган. Ага ылайык, уулу 16-сентябрь күнү саат 15:00 чамасында Дордой конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келе элек.
Учурда баланын жүргөн жери белгисиз. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Саид Бебезанын белгилери: бою 145-150 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска, кара.
Ошол күнү мектеп формасын - ак көйнөк, кара шым, бутуна кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн. Аны көргөн-билгендер болсо же ал тууралуу маалыматы барлар (0553) 102387, (0702) 228505, (0702) 498888, (0552) 102743 жана 102 номерлерине байланышып коюуну Бишкек ШИИББи өтүнөт.