Буга чейин окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө "Ысык-Көл облусунун Түп районунда электр жарыгы эч себепсиз өчүрүлүп жатат. Бакиевдин заманы келдиби, электр энергиясын кезектеп өчүрүү башталдыбы?" деген билдирүүсү менен кайрылган. Мунун себебин аныктоо үчүн "Чыгыш электр" ишканасынын Түп районундагы башчысынын орун басары Мирбек Ажыбаевге байланышып жооп алдык.
"Түп районунун Ой-Булак, Кудургу айылдарында 3 күндөн бери оңдоп-түзөө, кышка даярдануу иштери жүрүүдө. Жарык кечээ, 19-сентябрда өчүрүлгөн, бүгүн, эртең дагы ондоо иштери үчүн электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле оңдоо иштерин атайын Бишкектен келген кызматкерлер жүргүзүп жатат.
Биз деле бир айылда күн сайын электр жарыгын өчүрбөй, кезеги менен өчүрөлү деп сунуштап көрдүк. Бирок алардын пландары ошондой түзүлүп калгандыктан, алар ушундай иштеп жатышат. Ошондой эле аты аталган айылдын электриктерине, тиешелүү адамдарына алдыда электр жарыгы өчүрүлөт деп айтылган. Биз ар бир үйгө кирип эскертүү айта албайбыз", - дейт Ажыбаев.