Бүгүн, 20-сентябрда акыйкатчы Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат жыйын өткөрүүдө. Мамытов 2018-жылы өлкөнүн акыйкатчысынын наамына кат жүзүндө 3 миң 237 кайрылуу келип, алардын ичинен 2 миң 92си Борбордук аппаратка, 1145и Акыйкатчы институтунун аймактык өкүлчүлүктөрүнө кароого жөнөтүлгөнүн белгиледи.
"Булардын 142си 2050 адам кол койгон жамааттык кайрылуулар. Ал эми 6 миң 115 адам жыл ичинде оозеки түрдө кеңештерди алышты. 2018-жылы Акыйкатчы институтуна кайрылгандардын жалпы саны 11 миң 260 адамды түздү. Алардын 47,4 пайызы аялдар", - деди Мамытов.