Бүгүн, 20-сентябрда акыйкатчы Токон Мамытов маалымат жыйын берип жатып, Жогорку Кеңештин 18-сентябрындагы жыйынында депутат Руслан Казакбаевге эмне себептен "кесиптеш чекист" деп кайрылганы тууралуу түшүндүрмө берди.
"Биз мурда чекисттер журналисттерге, дипломаттарга, күч органдарында иштеген адистерге кесиптештер деп кайрылчубуз. Анткени биз баарыбыз тең бир максаттын, маалыматтын үстүнөн иш алып барабыз. Ошол себептен кесиптеш деп кайрылдым", - деди Мамытов.
Руслан Казакбаевдин өмүр-баянында атайын кызматтарда иштегендиги тууралуу маалымат жок. Депутаттыкка чейин тышкы иштер министри болуп, дипломатиялык иштерди аркалаган.