Акыйкатчы Токон Мамытов мигранттардын балдарын өзүнчө категорияга бөлүүнү сунуштайт

"Чет-өлкөдө эмгектенген мигранттардын балдарын "мигранттын балдары" категориясына бөлүү керек". Мындай пикирин акыйкатчы Токон Мамытов маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Мигранттардын балдары запкы көрбөшү үчүн биз азыр жаңы сунуш киргизип жатабыз. Аларды мигранттын балдары деп өзүнчө категорияга бөлүү керек. 2019-жылы өлкөдө катталган балдарга карата болгон зордук зомбулуктун 90 пайызы мигранттардын балдарына жасалып жатат. Эми ата-энелери деле чет жерде жыргаганынан жүрүшкөн жок да. Ата-эне чет өлкөгө бир жылга кетип жатса, балдарын кимге калтырып жатса да сот аркылуу камкордукка ала турган тарапка өткөрүп берип кетиши керек", - деди Мамытов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан