Орусияда автобустун айдоочусу кыргыздарга карата ачык жек көрүүсү үчүн жумуштан алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Мосгортранс" мамлекеттик ишканасы коомдук транспортту айдаган айдоочунун кыргыздар тууралуу айткан билдирүүсүн карап чыгышкан. Анда айдоочу август айынын аягында, автобуста келе жаткан корей улутундагы жаранды арткы эшиктен түшүрүүгө макул болгон эмес. Ошондой эле аны мазактап, сөзүнө кыргыздарды да кошуп кеткен.
Мындан улам айдоочу кызматтан четтетилген. Ошондой эле видеого тартып калган активистке "Мосгортранс" мамлекеттик ишканасы ыраазычылык билдирген.