Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы кыз келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугундагы жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жээнбеков күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткен Тыныбекованы жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабековду телефон аркылуу куттуктады. Өлкө башчысы Тыныбековага кыргыз эли спортчуларыбыздын күрөшүн чыдамсыздык менен күткөнүн, ар бир жеңишти кубануу менен кабыл алганын айткан. "Күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы биринчи дүйнө чемпиону болгонун, анын жеңиши бүткүл кыргыз эли үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде спортчу өлкө башчысына ыраазычылыгын билдирип, жеңишин кыргыз элине арнай тургандыгын айтты.