Бишкектин Токтоналиев көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу аягына чыкты. Мэрия шаар тургундарынан сын-пикир күтөт

Бишкектин Токтоналиев көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу аягына чыгып, жол кыймылы ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Көпүрөнү салган ишканага карата эскертүүлөрүбүз бар, жөө жүрүүчүлөр үчүн жолду дагы оңдоп-түзөшөт. Эгерде сын-пикирлериңиз бар болсо, анда (0550) 305-010 номерине байланышыңыз" деп жазылат мэрия тараткан маалыматта.

Токтоналиев көчөсү аркылуу курулган көпүрө Медеров көчөсү менен биригет. Ал шаар ичиндеги түндүктөн түштүккө карай автоунаалардын кыймылын жеңилдетүү үчүн тургузулду. Ала-Арча суусунун үстүнө курулган көпүрөнүн узундугу 36 метр, ал эми туурасы тротуарын кошкондо 21,5 метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bessmertiy
2019-09-21 11:35:16
Пандусу жок 2 швеллер коюп коюптур. Майыптар же балдарын коляска салып бараткан адамдар чыгып түшүшү кыйын болот. Кошумча пандус салыш керек. 14 тепкич бар экен. 15см ден 2м 10см болот. Элестеткиле 2 метрден майыптар же балалу аялдар коляска менен түшүп баратканын. Кошумча пандус салбаса болбойт
+7
Tyty1990
2019-09-21 12:49:25
bessmertiy,номерин жазышыптыр ошол номерге жазсаңыз болот. Сизге толук кошулам
+5
Nestana95
2019-09-21 11:44:16
1 жума ичинде озунор эле коросунор свн пикирди,,,кутуп отурбай баарын пландаш керек болчу
+3
KAYRATBEK
2019-09-21 16:48:22
Биринчи суроттогу пешеход белгисин карасанар))) Эмне жолдун ортосундагы бордюрду аттап отобу? Жэ секирип отобу?
0
TIMON_BERKOWITZ
2019-09-21 20:39:00
Финполго барат экен жол, демек жакшы жол эмес..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан