Өкмөттүн аппаратына караштуу талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеев кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Ага "коррупция" беренеси менен айып тагылганы айтылууда. Бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Скобеев 17-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Егор Скобеев Өкмөттүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы кызматында 2018-жылдын апрель айынан тарта эмгектенип келген. Милициянын полковниги, биринчи класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси, мамлекеттик кызматтагы эмгек жолу 24 жыл.